Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

«Росинбанк» кайра катталып «Керемет банк» болду


«Росинбанктын» кеңсеси.
«Росинбанктын» кеңсеси.

«Россия инвестициялык банкы» («Росинбанк») «Керемет банк» деген аталыш менен Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы октябрь айында Кыргызстандын Улуттук банкы аталган банктын 71,66 пайыз акциясына ээ болгон. Буга банктын алган насыяларын төлөй албай калганы себеп болгон. Кийинчерээк «Росинбанк» үчүн 3 миллиард сом салып, жалпы акциясынын 95 пайызына ээлик кылып калган.

2019-жылы Улуттук банк «Росинбанкты» инфратүзүм, байланыш жана турак жай куруу жаатында насыя берүүгө адистештирүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Кезинде өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналган «Азия Универсал банк» 2010-жылдан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, «Залкар Банк» болуп кайра түзүлгөн. Кийин анын 90 пайыз акциясын орусиялык «Инвестторгбанк» сатып алып, 2013-жылы «Росинбанк» ачылган. Өлкө аймагында анын 30га жакын кеңсеси бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG