Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, куттуктоодо Жээнбеков Путинге карата: «Акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүдөгү жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Орусиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүшүнө багытталгандыгы - Орусия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына, жогорку ишенимине татыктуу» деп белгилеген.
Ал ошондой эле Путин кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарганын баса белгилеген.
Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келе жаткан Владимир Путин бүгүн 67 жашка толду. Буга чейин анын басма сөз кызматы президент туулган күнүн жакындары менен белгилей турганын билдирген. (BkA)