Быйыл январь айында сот имаратынан качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 10 айдан бери издөөдө жүргөн кылмышка шектүү адам облус аймагындагы Вознесеновка айылында жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда ал милицияга каршылык көрсөткөн.
30 жаштагы кылмышка шектүү Октябрь райондук сотунда иши каралып жаткан учурда залдан качып чыгып кеткен болчу. (BkA)