Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Бекназаров Атамбаевди үй камагына чыгарууну сунуш кылганын айтты


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жолугушуусунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну сунуш кылган. Бул тууралуу ал Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай сунушка президент бул маселени сот гана чечет деп жооп кайтарган.

- Президент «мен аны каматайын деген оюм болгон эмес. Тергөөчүлөрдү үйүнө киргизбей койсо да чыдап отурдук. Өзү «кан төгөм. Согушам. Айдап чыгам» деп отуруп алды. Акыры ошону кылды» деп жооп берди, - деди Бекназаров.

Саясатчы мурдагы президентти «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында үй камагына алса болот. Анткени ал жак деле кайтарылат деп эсептейт. Бекназаров мурдагы президентти үй камагына чыгаруу боюнча сунушту Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү колдобой койгонун кошумчалады.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. (BkA/BTo)

XS
SM
MD
LG