Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Премьер-министр шахтадагы кырсык боюнча жыйын өткөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы алты адамдын өмүрүн алган шахтадагы кырсык боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Баткендин Кадамжай жана Лейлек райондорундагы шахтадагы кырсык боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев маалымат берген. Ал буга чейин иши токтотулган шахтада көмүрдү мыйзамсыз казуу маалында коопсуздукту сактабагандыктан алты киши каза болгонун билдирген.

Премьер тийиштүү мамлекеттик органдарга адамдардын өлүмүнө алып келген кырсыктын себептерин караштырып, тартипке келтирүүнү жана мындай окуялар кайталанбашы үчүн керек болсо катаал чара көрүүнү тапшырды.

«Көмүр кенине лицензиясы бар компаниялар коопсуздук талаптарын толук сакташы керек же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келе турган жагдай болсо, иштөө укугунан ажыратылыш керек. Андайга жол берсе жоопкерчиликке тартылышы зарыл», - деп билдирген Абылгазиев.

5-6-октябрда Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында өз алдынча көмүр казып жаткан алты адам газга ууланып каза болгон. Эки фактыны тең аймактык милиция бөлүмдөрү жана мекеме аралык комиссиялар териштире баштады. (BkA)

XS
SM
MD
LG