Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Токтогулда жергиликтүү тургундар кен чалгындоону токтотууну талап кылышты

Кыргызстандагы кендердин бири.
Кыргызстандагы кендердин бири.

Токтогул районунун Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн айрым тургундары аймакта жүргүзүлүп жаткан геологиялык чалгындоо иштерин токтотууну жана кенге берилген лицензияны жокко чыгарууну талап кылышты. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары 6-октябрда жыйын өткөрүштү.

Үч-Терек жана Кызыл-Өзгөрүш айылдарында өткөн мындай жыйындарга   500дөй тургун катышты.

Эл менен жолугушууга Токтогул районунун акими Таалай Жайылов баштаган жергиликтүү органдардын кызматкерлери катышты. Район акими «Кирекс Оф Минералс» жоопкерчилиги чектелген коомуна Токтогул районунун аймагынан чалгындоо иштерине берилген лицензиялар токтотулганын билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет тарабынан «Кирекс Оф Минералс» компаниясына 2016-2020-жылдар аралыгында Токтогул, Тогуз-Торо, Жумгал райондорунун аймагынан алтын, күмүш, коргошун, жез, цинк, жана валинденге геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө 21 миң гектардан ашуун жер аянтына лицензия берилген. 

Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, мамлекеттик комитет ушул жылдын 25-сентябрында, Токтогул районундагы жер аянттарынын баарына берилген лицензияны жокко чыгарган.

Жыйынга чогулгандар бул иштерди улантып, экологияга зыян келтирген башка кендерде көзөмөлдү күчөтүүнү сунуш кылышты. (RsK)

XS
SM
MD
LG