Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:12

Электрондук паспорт чырына байланышкан тасма тарады


 “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адам (видеодон алынган сүрөт).
“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адам (видеодон алынган сүрөт).

Интернетке “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адамдын Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаикованын мыйзамсыз иштери боюнча айткан тасма тарады. Анда тасмадагы адам Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн 20 миң доллар алганын айтып берет.

Буга Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Шаикова үндөгөнүн жана акча тууралуу анын иш бөлмөсүнөн сүйлөшүлгөнүн шардана кылган.

Бул тараган видеонун чын-бышыгын электрондук паспорт тендери боюнча ишти тергеп жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ырастаган жок.

Аталган комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов электрондук паспорт тендери боюнча Алина Шаиковага “коррупция” беренеси боюнча иш козголгонун, учурда Мамкаттоонун мурдагы төрайымын издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» компаниясы утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган. Анын алкагында Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Кийинчерээк бул адамдар тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаиковага быйыл август айында иш козголгон.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.

Германиялык компаниянын негизинде Бишкектин райондор аралык соту “Гарсу Пасаулис” компаниясы жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган. Бирок өткөн айда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү жокко чыгарып, литвалык компаниянын пайдасына чечим чыгарды.

Соттун мындай чечимине макул болбогон “Мүлбауэр” компаниясы кайра Жогорку Сотко арызданды.(BkA)

XS
SM
MD
LG