Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:18

Ооганстандагы жардырууда 10 жайкын тургун ажал тапты


Кол салууда өлгөндөрдүн арасында бир наристе да бар экени белгилүү болду.
Кол салууда өлгөндөрдүн арасында бир наристе да бар экени белгилүү болду.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында өкмөттүк аскерлердин автобусунун жанындагы арабада катылган жардыруучу зат жарылып, 10 жайкын тургун ажал тапты. Алардын арасында бир наристе бар экени белгилүү болду.

Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Атаулла Хогяни Жалалабад шаарындагы бул кол салууда дагы 27 адам жарадар болгонун, алардын айрымдарынын абалы өтө оор экенин билдирди.

Азырынча бул кол салууну ким уюштурганы беймаалым. Нангархар провинциясында «Талибан» кыймылынын жана «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочулары бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын маалыматы боюнча 30-июнга чейин бул өлкөдө куралдуу кагылыштарда, кол салууларда 1 366 жайкын тургун ажал тапты, дагы 2 446 киши жаракат алды.

Ооганстанда соңку 18 жыл аралыгында төрөлүп, чоңойгон ар бир бала согуштун кесепетин тартты.

XS
SM
MD
LG