Ирактын президенти Бархам Салих өлкөнүн бир нече шаарында өкмөткө каршы өткөн демонстрацияларда каза болгон 100дөй адамдын өлүмүн айыптады жана митингчилерге карата ашкере катуу чара көрүлгөнүн моюнуна алды.
Ал соңку аптада болгон окуяларды бийлик үчүн 2017-жылы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөш натыйжа бере баштаган учурдан берки эң чоң мүшкүл деп атады.
Телеканалдардын биринен сүйлөп жатып ал ошондой эле коррупцияга каршы күрөш, элди жумуш менен камсыз кылуу, тейлөө кызматтарынын ишин жакшыртуу жаатында бир катар чаралар көрүлөрүн айтып, митингге чыккандардын талаптары аткарыларын билдирди.
Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган.
Талдоочулардын айтымында, бул митингдерде Иракта 2003-жылы АКШ башында турган операцияда Саддам Хусейн бийликтен алынгандан кийин орногон саясий системаны жок кылуу тууралуу талаптар да айтылды. (RK)