Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Ак үй: АКШ Сириядагы аскерлерин биротоло чыгарбайт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын 50-100 чамалуу жоокерин Сириянын түркиялык аскерлер бастырып кириши ыктымал болуп жаткан түндүк чек арасынан алысыраак жайгаштыруу, бул өлкөдөн таптакыр чыгып кетүү дегенди туюндурбайт. Бул тууралуу АКШ администрациясынын өкүлү билдирди.

Ал Вашингтон согуштан талкаланган Сириядан таптакыр кетип жатат деген маалымат чындыкка жатпай турганын, өлкө президенти Дональд Трамп Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоганга түрк тарап кирүүнү пландап жаткан аймакта америкалык бир эле аскер жабыркаса, кесепети өтө жаман болорун эскерткенин айтты.

Расмий маалыматтарга караганда, АКШ күчтөрү Сириянын Түркия менен чектешкен тилкелеринен кете баштады. Андан мурдараак Кошмо Штаттар Сириянын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине каршы Түркиянын аскердик операциясына катышпай турганын жарыялаган.

Британиядагы байкоо тобунун маалыматына караганда, америкалык аскерлер эки калктуу конуштагы негизги позицияларын бошотуп берди.

XS
SM
MD
LG