Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Мугалимдин өлкө жашоосундагы орду талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте мугалимдик кесипке, Кыргызстандагы педагог кызматкерлердин түйшүгүнө арналган форум өтөт.

«Мугалим – өлкөнүн дөөлөтү» деген иш-чараны «Билим берүү мекемелеринин бирикмеси» ассоциациясы ЮНЕСКО жана «Сорос-Кыргызстан» уюмдары менен бирге уюштурууда.

Форумдун максаты – коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын көңүлүн мугалимдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымына бурдуруу жана педагогика тармагындагы негизги маселелерди аныктап, талдоо.

Ассоциациянын аткаруучу директору Назгүл Атабаеванын айтымында, жаңы окуу жылы башталганда социалдык түйүндөрдө «Менин жашоомдогу мугалим» аттуу марафон уюштурулган.

- Бул иш-чара эл аралык Мугалимдер күнүнө арналган. Аталган акциянын негизги максаты - мугалимдин коомдогу даражасын, кадыр-баркын жогорулатуу. Марафондун алкагында жарандар жеке жашоосундагы ийгиликтерине жана жетишкендиктерине түрткү берип, из калтырган мугалимдери тууралуу ой бөлүштү. Акциянын жыйынтыгы менен бүгүн «Мугалим - өлкөнүн дөөлөтү» улуттук форуму өтөт. Форум алкагында тема боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлүп, эсселердин авторлору сөз сүйлөйт. Ошондой эле мугалимдин Кыргызстандын турмушундагы ордун жана анын даражасын жогорулатуу боюнча талкуу өтөт.

Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы, орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин саны төрт миңге чамалайт. Аларда эмгектенген педагогикалык жамаат 110 миңге жакын адамды түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG