Орусиянын Новосибирск шаарында 7-октябрда жапырт мушташ болуп, ок атылды. Орусиянын массалык маалымат каражаттары окуяга тиешеси бар деген 50 киши кармалганын, мушташка кеминде 200дөй киши катышканын жазышууда.
Айрым маалыматтарга караганда, массалык мушташка 50дөн 100гө чейин адам катышкан. Чыр базардын автонаа токтотуучу жайынан чыккан.
Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын башчысы Жаркынбай Тойтуков «Азаттыкка» жапырт мушташ болгонун тастыктады. Анын айтымында, мушташкандар - базарда иштеген борбор азиялыктар. (LzT)