Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Кыз ала качуу боюнча тасмага байланыштуу милицияга арыз түшө элек

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластагы кыз алуу качуу боюнча Интернетте тараган тасмага байланыштуу кыз ала качуу фактысы аныктала элек. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, видеону Талас облустук милициясы териштирип жатат.

Күч кызматкерлери андан тышкары өлкөнүн бардык аймактарында да текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Азырынча бул окуяга байланыштуу милицияга арыз түшө элек.

Буга чейин социалдык тармактарда тараган тасмада көшөгөнүн артында жаш кызды күч менен кармап жаткан аялдарды жана той ырларын ырдап жаткан жаштарды көрүүгө болот. Тасмадагы кыз 16 жашта экени, аны 35 жаштагы жигит күч менен алып качып келгени жазылган. Бул видео социалдык тармактарда бир топ талкуу жаратты.

Кыргызстанда кыздарды өз эркине карабай ала качуу аркылуу турмушка узаткан учурлар көп талкууланат. Былтыр ала качууга туш болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы милиция башкармалыгынын имаратында бычакталып каза болгон соң мындай кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү тууралуу демилге көтөрүлгөн болчу.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык быйыл Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат. (BTo)

XS
SM
MD
LG