Орусиянын президенти Владимир Путин 7-октябрда өзүнүн жана премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган бир топ жогорку мамлекеттик кызматтын жетекчилеринин айлык акысын жогорулатуу тууралуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, 1-октябрдан тартып алардын маянасы 4,3 пайызга көбөймөкчү.
Былтыр да Путин өзүнүн жана Медведевдин айлыгын төрт пайызга жогорулаткан болчу.
Владимир Путин 7-октябрда 67 жашка чыкты. Ал мунун алдында Сибирде коргоо министри Сергей Шойгу менен эс алганы белгилүү болду.