Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

ТИМ Нурадил Эшимбековдун иши боюнча Түркияга нота жөнөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда бир айдан бери паспортсуз жүргөн кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун иши боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, «жасалма паспорт менен жүрөт» деген шек менен Нурадил Эшимбековдун паспорту Түркиянын тиешелүү органдары тарабынан алынган. Учурда экспертиза жүрүп жатат.

Бул ишке байланыштуу Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугунун жетекчилери Түркиянын прокурорлору менен бир нече жолу жолугушкан. Анда Эшимбековго паспортун кайтарып берүүнү жана Түркиядан чыгууга салынган тыюуну алып салууну сунуш кылышкан.

Нурадил Эшимбеков 9-сентябрда, Москвадан Дубайга Стамбул аркылуу өтүп баратканда кармалган. Кыргызстандык жигит бир канча саат сурак берген соң, түрк полициясы ага «жасалма паспорт менен жүрөсүң» деген шек менен тергөө иштерин баштаган. Ага соттук жараян бүткөнгө чейин Түркиядан чыкканга тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG