Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Новосибирскиде болгон жапырт мушташ боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Новосибирск шаарында 7-октябрда болгон жапырт мушташ боюнча Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Орусиянын Жазык кодексинин 213-беренеси («Бейбаштык») жана 163-беренеси («Опузалап талап кылуу») менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү тараткан маалыматта айтылат.

Мушташтан аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин коё берилген. Ал эми жаракат алган беш адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен экөө ооруканага жаткырылды. Алар эмнеден жаракат алганы так айтылган жок.

Азыр Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары бул кылмыш ишине тиешеси барларды издеп жатышат.

7-октябрда болгон калайман мушташта ок атылганы да айтылууда. Орусиянын массалык маалымат каражаттары мушташка кеминде 200дөй киши катышканын жазышты.

Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын башчысы Жаркынбай Тойтуковдун айтымында, мушташкандар - базарда иштеген борбор азиялык эмгек мигранттары. Ал базарда иштегендер ал жакка келген куралчандарга каршы таш, союл көтөрүп чыгышканын айтып берди. (BTo)

XS
SM
MD
LG