Кошмо Штаттар Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандардын укуктарын бузууга катыштыгы бар деген кытайлык 28 компания менен уюмду “кара тизмеге” киргизди. Эми ал компаниялар Вашингтондун уруксаты жок АКШдан өндүрүм сатып ала алышпайт.
Соода департаментинин 7-октябрда тараткан маалыматына ылайык, “кара тизмедеги” фирмалар “Шинжаңдагы уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарына каршы репрессия, калайман камоо, заманбап технологиялардын жардамы менен көзөмөл жүргүзүү өнөктүгүнө аралашкан”.
Санкциялык тизмедеги мамлекеттик мекемелер менен жеке менчик компаниялардын арасында Шинжаң уйгур автоном облусунун коомдук коопсуздук башкармалыгы, ага баш ийген 19 уюм жана 8 компания бар. Эң белгилүүлөрү – видеокөзөмөл системаларын чыгарган дүйнөдөгү эң чоң "Hikvision" фирмасы жана адамдын жүзүн таануу технологиялары тармагындагы башка лидер-өндүрүүчүлөр.
Бээжин буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушул тушта Кытай бийлиги жалпы саны бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрүн атайын лагерлерде эркинен тыш кармап отурат.
Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды "тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.