Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Жалал-Абадда мугалимдерге 2,3 млн. сомдук акчалай сыйлык берилди


Сыйлык алган мугалимдер.
Сыйлык алган мугалимдер.

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата шаар жетекчилиги калаада эмгектенген 1163 мугалимдин ар бирине 2 миң сомдон жылына бир жолу бериле турган сыйлык тапшырды.

Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында өткөн, мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанатка шаар жетекчилиги жана педагогдор чакырылган.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев билдиргендей, калаадагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде бир жылдан ашуун туруктуу иштеген мугалимдерге быйыл шаар казынасынан 2,3 млн. сом сыйлык катары бөлүндү.

Ал эми жумушка жаңы кабыл алынган жана туруктуу бир жыл иштебеген педагогдорго мындай сый акы каралган эмес.

- Мындан сырткары шаардык бюджеттин эсебинен ай сайын ар бир мугалимге коммуналдык чыгымдар үчүн 500 сомдон маянасына кошулуп турат, - деди Калчаев.

Бул үчүн шаар бюджетинен быйыл 9,3 млн. сом каражат каралган. Жалал-Абад шаарынын мэриясында мындай колдоо 2009-жылдан бери туруктуу көрсөтүлүп келет.

Шаардын аймагында жалпысынан 2 миңге жакын мугалим эмгектенет. Алардын алтоо «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими». Мындан тышкары 100дөн ашуун мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» наамына ээ болушкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG