Стокгольмдо 8-октябрда Швециянын академиясы физика боюнча быйылкы Нобел сыйлыгын алгандарды атады. Ага ылайык, Жеймс Пиблс «физика космологиясындагы теоретикалык ачылыштар» эмгеги үчүн, Мишел Майор менен Дидие Келоз күн түрүндөгү жылдыздын тегерегинде айланган экзопланетанын ачылышы үчүн ушул сыйлыкка татыды.
Мындан бир күн мурда онкология жаатындагы ачылыштары үчүн медицина боюнча Нобел сыйлыгы америкалык жана британиялык үч илимпозго ыйгарылган. Алар клеткалар кычкылтек тартыш болгон шартта кантип ыңгайлашарын изилдеп чыгышкан.
9-октябрда химия боюнча, ал эми 10-октябрда адабият боюнча былтыркы жана быйылкы жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Ал эми жума күнү, 11-октябрда Нобелдин тынчтык сыйлыгын ким алары айтылат.