Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Лондондо экоактивисттер башкы аянттарды ээлеп алышты


Лондондогу нааразылык акцияларында эки күндүн ичинде 300дөн ашуун адам камалды.
Лондондогу нааразылык акцияларында эки күндүн ичинде 300дөн ашуун адам камалды.

Лондон шаарында климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды күчөтүүнү талап кылган экоактивисттердин ири нааразылык акциясы уланууда. Алар жүздөгөн адамдын камалганына карабай, шаардагы эң белгилүү Трафальгар жана Парламент аянттарын ээлеп алышты жана башкы жолдорду буушту. Ошондой эле митингдер шаардагы бир катар мамлекеттик мекемелердин алдында да өттү.

Нааразылык акциялары 7-октябрда башталган жана полиция эки күндүн ичинде 300дөн ашык адамды камады.

Премьер-министр Борис Жонсон демонстранттарды «көзөмөлү жок кылмышкерлер» деп атады жана алардан жолдорду торобоону талап кылды.

Нааразылык акцияларына чыгууга «Жоголуп бараткандардын козголоңу» аттуу глобалдык кыймыл үндөгөн жана ушундай акциялар дүйнөнүн 60 шаарында өттү. Алар эки жумага созулушу ыктымал.

«Жоголуп бараткандардын козголоңу» кыймылынын башында тургандар бул жолку акциялар жазындагыдан беш эсе масштабдуу болорун айтып жатышат. Апрель айындагы бир апталык акцияларда жалпысынан миңден ашуун адам кармалган.

XS
SM
MD
LG