Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Саакашвилинин Киевден депортацияланышы боюнча иш козголду


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Украинада прокуратура Грузиянын экс-президенти, Одессанын мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин Киевден депортацияланышы боюнча кылмыш ишин козгоду.

2015-жылы Украинанын ошол кездеги президенти Петро Порошенко Саакашвилиге украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок эки жылдан кийин Саакашвили Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан. Порошенко өз буйругу менен Михаил Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Ошол эле жылы сентябрда Саакашвили тарапкерлеринин жардамы менен Украинанын аймагына кирип барып, Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган акция уюштурган.

Былтыр февралда Украинанын Чек ара кызматы Саакашвилиге Украинага кирүүгө тыюу салган. Ал быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта туруктуу жашоого уруксат алган.

Быйыл май айында азыркы президент Владимир Зеленский ага украин жарандыгын кайра кайтарып берген.

XS
SM
MD
LG