Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

ИИМ: Эркин Мамбеталиев Баткен милициясына машине берген жок


Эркин Мамбеталиев.
Эркин Мамбеталиев.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Баткендин күч органдарына эки автоунаа белек кылды» деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты.

Мекеменин сайтына Баткен милициясына таянып жарыяланган маалыматта Интернетте тарап жаткан кабар чындыкка дал келбей тургандыгы айтылат.

«7-октябрда болжол менен кечки саат алтыда Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкерлери документ текшериш үчүн Э.Мамбеталиев аттуу жаранга тиешелүү 09KS822AAI жана 09KS820AAI номерлүү эки «CHEVPOLET-SUBURBAN» машинесин токтоткон. Учурда Кадамжай ИИБинин кызматкерлери бул машинелерди текшерип жатышат» деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө жана айрым маалымат агенттиктеринин сайтында «Эркин Мамбеталиев күч органдарына автоунаа белек кылды» деген кабар тарап жатат. Андагы сүрөттөрдөн Мамбеталиев жана бир нече адам эки жолтандабастын жанында алакан жайып бата тилеп жатканын көрүүгө болот. Ошол эле жерде милициянын формасын кийген кызматкер колуна фотоаппарат алып, окуяны сүрөткө тартып жатканы бар.

Бул сүрөттөрдүн аныктыгы расмий тактала элек.

Эркин Мамбеталиев 1990-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. 2000-жылдардын башында Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы болгон. 2008-жылы Жогорку сот анын үч адамдын өлүмүнө катышы бар деген негизде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG