Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Косово: Шайлоону уткан лидер Сербия менен сүйлөшүүгө шашпай турганын айтты


Албин Курти.

Косоводо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо көп добуш алган партиянын лидери коңшу Сербия менен мамилени оңдоо боюнча расмий сүйлөшүү баштоону каалабай турганын айтууда. «Associated Press» агенттигиндеги маегинде «Өз алдынчалык» партиясынын лидери Албин Курти Приштина менен Белграддын сүйлөшүүлөрү тууралуу маселе анын иш-максаттар тизмесинде биринчи орунда эмес экенин билдирди.

Косовонун парламентинде 120 орун бар. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, серб улуттук азчылыгына 10 мандат берилет, дагы он орун башка улуттарга бөлүштүрүлөт.

Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп, өзүн өз алдынча мамлекет деп жарыялаган. Анын эгемендигин дүйнөнүн 110 өлкөсү тааныган. Сербия Косовонун эгемендигин четке кагып, өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт. Тараптар ортосунда сүйлөшүү 2011-жылы башталып, токтоп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG