Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Алтын кендериндеги абал талкууланат


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы ири алтын кендери болгон Кумтөр менен Жерүйдүн азыркы абалы, келечеги талкууланган жыйын болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди. Анын айтымында, Таластагы Жерүй кени боюнча адистер бир топ сунуштарды иштеп чыгып, өлкө жетекчилигине жөнөтүшкөн.

- Сунуштарыбызды бергенбиз. Бирок алигүнчө жооп жок. Президенттик аппарат «өкмөттө» дейт, өкмөт унчукпайт, - деди ал.

Быйыл август айында кыргыз өкмөтүнүн Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишими күчүнө кирген. Канадалык ишкана эки тараптын ортосундагы соттук териштирүү токтотулганын жарыялаган.

Ал эми Таластагы Жерүй кенинде 100 тоннага чукул алтын кору бар экени аныкталган. Аны иштетүү укугу 2015-жылы орусиялык «Востокгеолдобыча» компаниясына тийген.

Быйыл 1-октябрда жарандык коомдун өкүлдөрү бул кен инвесторго мамлекеттин үлүшү жок, арзанга берилип кеткен жагдайды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү өкмөттөн суранышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG