Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Жазы-Кечүү айылына кийинки жылы электр жарыгы барат


Айтмамат Назаров жана Жазы-Кечүү айылынын тургундары.
Айтмамат Назаров жана Жазы-Кечүү айылынын тургундары.

Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына кийинки жылдын сентябрь айларына чейин электр энергиясын берүү пландалып жатат. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров аталган айылдын тургундары менен жолугушкан учурда белгилүү болду.

Жолугушуу учурунда төрага Назаров калкты электр энергиясы менен камсыз кылуунун үч жолун - кичи ГЭС курууye, күндүн кубатынан электр жарыгын алууye жана зым тартып келүүнү сунуш кылды.

Жергиликтүүлөр менен болгон талкуунун жыйынтыгында Жазы-Кечүү айылынын тургундары тарабынан чакан ГЭС куруу планы колдоо тапты. Жазы-Кечүүгө барган делегация адистер менен бирге кайсыл жерге кичи ГЭСтерди курууга болоорун изилдешип, участокторду карап чыгышты. Айыл ичине 400 кВт, жана 25000 кВт кубаттуулуктагы төрт чакан ГЭС куруу боюнча жыйынтыкка келишти.

Ошентип 2020-жылдын сентябрь айына чейин инвесторлордун жардамы менен электр жарыгын берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров 30дан ашык үй-бүлөгө өзү менен кошо ала барган күндөн энергия алуучу күн чырактарын да тапшырды.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тактап айтканда 600дөй адам жашайт. Айылда 100 орундуу мектеп жана ФАП бар. Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок. (RsK)

XS
SM
MD
LG