Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:05

Кожент шаарында кыргыз-тажик биргелешкен туристтик бизнес-форуму өттү


Кыргызстан менен Тажикстандын туристтик бизнес-форуму.
Кыргызстан менен Тажикстандын туристтик бизнес-форуму.

5-октябрь күнү Тажикстандын Кожент шаарында биринчи жолу Кыргызстандын жана Тажикстандын туристтик бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага эки өлкөнүн туризм жаатында иш алып барган ассоциациялары менен компаниялары катышты.  

Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу бет ачарлар өтүп, В2В форматында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Компаниялардын ортосунда макулдашуу жана меморандумдар боюнча 15 документке кол коюлган.

Жыйынтыгында 2020-жылы Кыргызстанда эки өлкөнүн кезектеги туристтик бизнес-форумун өткөрүү, туризм тармагында кызматташуу тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда келишим долбоорун иштеп чыгуу макулдашылды. (BTo)

 

XS
SM
MD
LG