Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка кирди.
Мунун алдында анын жактоочусу Замир Жоошев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып тергөөчү Жолдубаеваны күбө макамынан шектүү макамына өткөрүшү мүмкүн экенин айтты:
- Буга чейин Кундуз Жолдубаева Алга Кылычов менен беттештирилген. Анда Кундузга каршы көрсөтмө берилген. Тергөө органы ушунун негизинде «Кылычов берген көрсөтмө жетиштүү» деп чечим кабыл алышы мүмкүн.
Жолдубаева ИИМге бүгүн суракка чакырылган. Ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу ИИМге бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерине ок тийип курман болгон.
Жыйынтыгында Атамбаев баш болгон КСДПнын мүчөлөрү камакка алынган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BTo)