Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Анкара: «Түрк аскерлери Сириянын чек арасынан жакында өтүшөт»


Түрк армиясы Сирия менен чек арага жылып жатат. 8-октябрь 2019-жыл
Түрк армиясы Сирия менен чек арага жылып жатат. 8-октябрь 2019-жыл

Түрк аскерлери «Сириянын эркин армиясы» менен бирге Сириянын чек арасынан эң жакынкы арада өткөнү жатышат. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдогандын жардамчысы билдирди. 9-октябрда «The Washington Post» гезитинде жарыяланган макалада Фахреттин Алтун «ал аймактагы күрд согушкерлери өздөрү качпаса, Түркия «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөшкө бут тосуусун токтотууга аргасыз болот» деп эскертти.

Анкара «күрддөр баштаган күчтөргө каршы операция Сириянын аймагында коопсуздук зонасын түзүүнү көздөйт» деп келатат. Күрд кошуундары Сириядагы жарандык согушта АКШнын өнөктөшү болуп келген жана айрым райондорду экстремист уюмдун жоочуларынан тазалоого жардам беришкен.

Мындан үч күн мурун Комшо Штаттардын президенти Дональд Трамп Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Түркиянын операциясына аралашпай турганын айткан. Сириядагы америкалык аскерлер мурдагы жерлеринен башка райондорго жайгаштырылды.

8-октябрда Анкара Сирия менен Ирактын чек арасына чабуул коёрун билдирген.

Түркияда 3,5 миллиондон ашык сириялык качкын баш калкалап жүрөт. Анкара алардын 2 миллионго жакынын коопсуздук тилкесине кайтарууну каалай турганын билдирүүдө.

Сириядагы жарандык согушта 400 миңдей киши кырылды.

XS
SM
MD
LG