Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

Бажы кызматы Райымбек Матраимовдун сүрөтү боюнча комментарий берди


«Дело №» гезити жарыялаган сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов мекеменин жетекчиси Алтынбек Торутаев менен төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чогуу түшкөн сүрөт боюнча комментарий берди.

Мүсүрканов сүрөт 2015-жылы Ош шаарында тартылганын, анда Мамлекеттик бажы кызматынын бир кызматкеринин чакыруусу менен мекеменин сүрөттөгү мурдагы жана азыркы кызматкерлери барышканын айтты.

- Чогуу иштешкендер менен бир жерге барып чогуу сүрөткө түшсө болот да. Кээ бирөөлөр аны башка максатта жарыялап жатат. Ал киши (ред: Райымбек Матраимов) 2015-жылы Ош бажысынын жетекчиси болчу (ред: 2013-2015-жылдар). Бир кызматкери конокко чакырыптыр. Анан ошол жерден түшүшкөн, - деди Мүсүрканов.

«Дело №» геизити бүгүн сайтына Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы жетекчиси Алтынбек Торутаев, Райымбек Матраимов жана башка бир нече киши түшкөн сүрөттү жарыялады. Басылма сүрөт качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз экенин жазган.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Бирок Матраимов өкмөттүн мындай чечими туура эмес болгонун айтып сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары аны колдогон чечим чыгарган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (37)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG