Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Ташиев: «Республика» менен кызматташуудан пайда көргөн жокмун


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Жогорку Кеңештеги саны жагынан экинчи орунда турган «Республика - Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турган болду.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосуна бул кызматташтык майнап бербегенин маалымдады:

- Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз. Биз шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Биз 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшкөн жокмун, көптөн бери көрө да элекмин. Ал шайлоого катышабы же жокпу, билбейм. «Республика» менен кызматташуу эч кандай жемишин берген жок. Партия лидери катары мен парламентке өтпөй калдым. Бул жыйынтыкты мен нөлгө теңейт элем.

Юридикалык жактан алганда Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрага болгон «Республика – Ата Журт» жашап жатат. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Республика» жана «Ата Журт» партияларын такыр башка адамдар негиздеген. Ортодон пайда болгон «Республика - Ата Журт» биротоло жоюлабы же жокпу, азырынча белгисиз.​

2014-жылы парламенттик шайлоо алдында бириккен «Республика» жана «Ата-Журт» партиялары депутаттык мандат алуу жагынан VI чакырылышта экинчи орунга чыккан.

XS
SM
MD
LG