«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 10-октябрда күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14…19;
Нарын дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° болот.