БУУ мындан 4 ай мурун АКШ аскерлери Ооганстандын батышында баңгизат лабораториясы деп шек саналган жайларга сокку урганда 30 жайкын тургун набыт болгонун аныктады. Шаршембиде жарык көргөн баяндамада айтылгандай, америкалык күчтөр Баква жана Деларам райондорунда баңгизат чыгарат деп эсептелген 60 жайга сокку урушканда дагы 5 карапайым киши жарадар болгон.
АКШнын Ооганстандагы контингенти бул маалыматты четке кагып, 5-майда Фарах жана Нимроз провинцияларындагы соккулары «таамай» урулганын, катардагы адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна алып келбегенин билдирди.
Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы дагы 37 кишинин, негизинен жаш балдар менен аялдардын өлүмүн иликтеп жатат. Кошмо Штаттар согушка салым кошкон экономикалык объектилерди мыйзамдуу аскердик бута деп эсептеп келгени менен баңгизаттар өндүрүлгөн жайлар жана ал жакта иштеген адамдар «чабуулдун бутасы болбошу керек жана корголууга тийиш» деп кошумчалады уюм.
Быйылкы жылдын алты айында Ооганстандагы куралдуу жаңжалда 1 366 жайкын адам өлүп, 2 жарым миңдейи жарадар болду.