Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Күрд бийлиги жалпы мобилизация жарыялады


Күрддөрдүн элдик коргонуу кошуунун желеги. Тел Абияд, Сирия. 8-октябрь, 2019-жыл.
Күрддөрдүн элдик коргонуу кошуунун желеги. Тел Абияд, Сирия. 8-октябрь, 2019-жыл.

Сириянын түндүгүндөгү жергиликтүү күрд бийлиги Түркия менен чек арага жакын аймакта жалпы мобилизация жарыялап, аймактагы куралдуу кармаш «гуманитардык катастрофага» жол ачарын эскертти.

Анын алдында президент Режеп Тайып Эрдогандын жардамчысы Фахреттин Алтун түрк аскерлери Анкарага ыктаган «Эркин Сирия армиясы» менен бирге Сириянын чек арасынан өтөрүн «The Washington Post» гезитиндеги макаласында билдирген.

Шаршемби күнү чөлкөмдөгү кырдаал боюнча Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров үн катып, Сириядагы күрддөр «өтө кооптонуп турганын», аймакта чоң чатактын алдын алыш үчүн бардык аракет көрүлүшү керек экенин айтты.

Анкара күрддөр баштаган күчтөргө каршы операция Сириянын аймагында «коопсуздук зонасын түзүүнү көздөйт деп айтып келет. Күрд кошуундары Сириядагы жарандык согушта АКШнын өнөктөшү болгон жана айрым райондорду экстремист уюмдун жоочуларынан тазалоого жардам беришкен.

Мындан үч күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Түркиянын операциясына аралашпай турганын айткан. Сириядагы америкалык аскерлер мурдагы жеринен башка райондорго жайгаштырылды.

8-октябрда Анкара Сирия менен Ирактын чек арасына чабуул коёрун билдирген.

Түркияда 3,5 миллиондон ашык сириялык качкын баш калкалап жүрөт. Анкара алардын 2 миллионго жакынын коопсуздук тилкесине кайтарууну каалай турганын билдирүүдө.

Сириядагы жарандык согушта 400 миңдей киши кырылды.

XS
SM
MD
LG