Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Өкмөт Бишкектеги ЖЭБ-2 объектисин ишке киргизүүнү ойлонуштуруп жатат


Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 объектиси.
Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 объектиси.

Өкмөт Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 объектисин оңдоону көздөп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын өкүлдөрү менен жасаган көчмө жыйынынын учурунда белгилүү болду.

Өкмөт кабарлагандай, 1986-жылы борборду жылуулук менен камсыздай турган борборлоштурулган жогорку от казан – Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 объектисин куруу иштери башталган.

Абылгазиев ЖЭБ-2 көмүр эмес, газ жана мазут менен иштөөгө ылайыкташканын, бул объектини калыбына келтирүү боюнча тапшырма бергенин айтты.

Бирок Совет мезгилде бөлүнгөн 136 га жалпы аянттын ичинен учурда Сокулук районунун балансында болгону 62,2 га калган. Маалыматка ылайык, 2005-жылы жылуулук электр борбору курула турган жер өзүм билемдик менен жеке колдорго өтүп кеткен. Учурда мыйзамсыз ээленип кеткен аймакта 1000ге жакын турак үй курулган.

- Албетте, буга стратегиялык объектинин айланасындагы жерди басып алууга жол берген мурдагы бийлик күнөөлүү. Эми биз бул маселени чечип, кайсы бири мыйзамсыз экендигин аныкташыбыз керек. Алды менен Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 тагдырын чечишибиз керек, - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы энергетикалык чөйрөнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, алдыдагы жылуулук мезгилине энергетикалык объектилердин даярдыгын да талкуулады.

Учурда Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаардыктарга жылуулук жана электр энергиясын жеткирет. 2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги күтүүсүз авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштерине каражат жумшоодо коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG