Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Адвокат: Кундуз Жолдубаева сурактан чыкты, эртең камалышы ыктымал


Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында суракта болду. Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, сурак эртең, 10-октябрда да уланмай болду, бирок анын тергөөдөгү макамы өзгөртүлүп, камакка алынышы ыктымал.

- Алга Кылычов менен беттештирүү болду, - деди ал. - Себеби экөөнүн көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык болуп жатыптыр. Бүгүн чыкты, бирок эртең кайра саат 14:00гө суракка чакырылды. Балким эртең кармалат. Шектүү катары кармалып, балким эртең калып калат. Ошондой божомол бар.

«Азаттык» Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова менен байланышканда ал Жолдубаева сурактан чыкканын тастыктады, бирок мындан башка маалымат бере албай турганын билдирди.

КСДПнын мүчөсү, Кой-Таш окуяларына байланыштуу кармалган Алга Кылычов Атамбаевге жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берип жатканы буга чейин айтылган.

Жолдубаева быйыл 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу ИИМге бир нече жолу күбө катары сурак берип чыккан.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери окко учуп курман болгон.

Жыйынтыгында Атамбаев баш болгон КСДПнын айрым мүчөлөрү камакка алынган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG