Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Түркия Сириянын түндүгүндө жортуулун баштады


Түркия менен Сириянын чек арасы. 8-октябрь, 2019-жыл.
Түркия менен Сириянын чек арасы. 8-октябрь, 2019-жыл.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-октябрда Сириянын түндүгүндөгү аскердик операция башталганын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.

«Түрк куралдуу күчтөрү жана «Сириянын эркин армиясы» жаңы эле Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» операциясын баштады», - деп жазды Эрдоган «Твиттердеги» барагына.

Түрк лидери бул операция күрд кошуундарын жана чөлкөмдөгү «Ислам мамлекети» террордук тобун бутага аларын кошумчалады.

Шаршембиде Сириянын түндүгүндөгү жергиликтүү күрд бийлиги Түркия менен чек арага жакын аймакта жалпы мобилизация жарыялаган.

Анкара күрт кошуундарын, анын ичинде АКШга жакын «Сириянын демократиялык күчтөрүн» «террорчулар» катары мүнөздөйт.

Бирок азыркы операция Сириянын аймагында коопсуздук зонасын түзүүнү гана көздөөрүнө ишендирүүгө аракет кылууда. Анкара бул коопсуз тилкеге Түркияда баш калкалап жаткан үч жарым миллиондон ашык качкындын эки миллиондоюн жайгаштыргысы келет.

Күрд кошуундары Сириядагы жарандык согушта АКШнын өнөктөшү болуп келген жана айрым райондорду экстремисттик уюмдун жоочуларынан тазалоого жардам беришкен.

Пентагон аймактагы америкалык аскерлер коопсуздук маселесинен улам башка райондорго гана жайгаштырылганын, алар Сириядан чыгарыла элек экенин билдирди.

Мындан үч күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин Анкаранын операциясына аралашпай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG