Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

НАТО Түркияны Сириядагы операцияларында аша чаап кетпегенге чакырды


Түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакка жөнөп баратат. 9-октябрь, 2019-жыл.
Түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакка жөнөп баратат. 9-октябрь, 2019-жыл.

НАТО Түркияны Сирияда баштаган аскердик операциясын жүзөгө ашырууда аша чаап кетпегенге чакырды. Бул тууралуу Римде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди:

- Түркия Сириянын түндүгүндө көрүп жаткан аракеттеринде аша чаппастан, кылдат болот деп ишенгим келет. Биз өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган жалпы душманыбызга каршы бирге жетишкен ийгиликтерибизди коркунуч алдында калтырбашыбыз керек. Себеби бул террордук топ дале болсо Жакынкы Чыгышта, Түндүк Африкада жана биздин өлкөлөрүбүзгө кооптуу болууда.

Столтенберг бул маселени 11-октябрда Стамбулда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен пландалып жаткан жолугушууда да талкуулай тургандыгын кошумчалады.

Шаршемби күнү Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштаганын жарыялап, күрд кошуундарын жана чөлкөмдөгү «Ислам мамлекети» тобун бутага аларын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эль-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.

Түрк армиясынын бул операциясы АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарыларын билдиргенден бир нече күндөн кийин башталып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG