Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Кыргыз өкмөтү АКШ элчилиги менен бирге Бишкекте ири көргөзмө өткөрөт


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-октябрда Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген эл аралык көргөзмө ачылат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы (ЖИА) уюштурууда.

Мындай багыттагы иш-чара, уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстанда буга чейин болгон эмес.

АКШдан, Улуу Британиядан, Швейцариядан, Италиядан, Чехиядан жана Түштүк Кореядан келген ондогон эл аралык компания өз өндүрүмүн тартуулап, көрсөткөн кызматтары жөнүндө маалымат берет.

Негизги багыттар – азык-түлүк, маалымат технологиялары, агротехника, логистика жана курулуш тармагы.

Көргөзмөгө Кыргызстандан жана Борбор Азия аймагынан жалпысынан миңге жакын ишкер чакырылган.

Бүгүнкү көргөзмө - АКШ элчилиги менен кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бир жылдык аракетинин жыйынтыгы. Анын ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.

Эртең, 11-октябрда көргөзмөнүн алкагында инвестициялык форум өтөт.

Улуттук банктын маалыматына караганда, быйыл январь-июль айларында кыргызстандыктар 292 миллион доллар каражатты чет өлкөлөргө которуп кетишти. «Азаттыктын» жакында даярдалган иликтөөсүндө эксперттер Кыргызстандан акчанын сыртка чыгарылышы көбөйсө саясий кризис күч алышынан жана инвестициялык климаттын начарлашынан кабар берерин белгилешкен. (RK)

XS
SM
MD
LG