Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

«Зомбулуксуз жашоо» аттуу маалымат кербени башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-октябрда Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербени башталууда.

21-октябрга чейин ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндө жети облустун ар биринде уюштурула турган өнөктүктүн максаты – экстремизмди жана радикалдашууну алдын алуу болуп жатат.

Маалымат кербенин өкмөт Бириккен Улуттар Уюмунун аялдар программасы менен бирге уюштуруп жатат.

Өнөктүккө гендердик теңчилик, жаштар саясаты, жалпыга маалымдоо каражаттары багытында алектенген мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 500дөй адам тартылат.

Кыргызстанда 2017-жылы экстремизмге жана терроризмге каршы 2022-жылга чейинки улуттук программа иштелип чыккан.

Миңге чукул кыргыз жараны Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы, алардын айрымдары ошол жакта каза болгону буга чейин маалымдалган.

Учурда Ирактагы качкындар лагеринен 70 кыргызстандык баланы мекенине кайтаруу аракети көрүлүп, Сириядагы жарандарды да алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG