Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Салык чырын бейтарап арбитражда чечүү жөнүндө сунуш талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-октябрда Бишкекте салык системасындагы талаш-тартыштарды мамлекеттик гана сотто эмес, бейтарап арбитражда да кароо ыктымалдыгын талкуулаган жыйын өтөт. Талкууну Экономика министрлиги, Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сот жана Салык кеңешчилер палатасы бирге уюштурууда.

Кыргызстанда мамлекеттик салыктын алты, жергиликтүү салыктын эки түрү бар. Ишкана-мекемелер алар боюнча отчёт тапшырып турууга милдеттүү.

2018-жылы «Инвестициялар жөнүндө», «Бейтарап соттор жөнүндө» жана «Медиация жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыккан. Авторлордун баамында, эгер ал кабыл алынса ишкерлердин мамлекеттик органдар менен талаш-тартышын соттон тышкары жана сотко чейинки ыкма менен чечип алуу укугу кеңейет. (RK)

XS
SM
MD
LG