Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Баткенде кыргыз-өзбек чек арачыларынын машыгуусу башталды


Кыргыз-өзбек чек арачыларынын машыгуусу.
Кыргыз-өзбек чек арачыларынын машыгуусу.

Бүгүн, 10-октябрда үч мамлекеттин (Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан) чек арасынын бириккен аймагында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын биргелешкен тактикалык машыгуусу башталды.

«Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесиндеги куралдуу басып кирүүгө биргелешип сокку уруу» деген машыгуунун алкагында, чек ара бирикмелери биргелешкен натыйжалуу аракеттерди көрүшөт.

Машыгуунун жүрүшүнө эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү көз салышат.

Иш-чаранын негизги максаты – эки мамлекеттин чек ара бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара тыгыз кызматташтыкты бекемдөө жана мамлекеттик чек арада террористтик коркунуч жарала турган болсо биргелешип каршы аракет көрүү.

Машыгууга Кыргызстандын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын жоокерлери, ошондой эле ИИМдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери катышат. (JsA)

XS
SM
MD
LG