Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Тегеран кыз-келиндерге стадиондон футбол көрүүгө уруксат берди


Иранда аялдарга стадиондон футбол көрүүгө 40 жыл мурун тыюу салынган.
Иранда аялдарга стадиондон футбол көрүүгө 40 жыл мурун тыюу салынган.

Иранда бийлик 40 жылдан бери алгачкы ирет аялдарга стадиондон эркектердин футбол мелдешин көрүүгө уруксат берди. Бейшембиде алар Тегерандын «Азади» стадионунда Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында Иран-Камбоджа командаларынын оюнуна күбө болушат.

Өткөн айда Сахара Ходаяри аттуу футбол фанаты стадионго кирүүгө аракет кылганда кармалып, кийинчерээк каршылык иретинде өзүн өрттөп, көз жумган. Бул окуядан соң Футбол боюнча эл аралык федерация (ФИФА) Иранга басым жасап, аялдарга стадионго кирүүгө уруксат берүүнү талап кылган.

Бул кысымдын таасири алдында Ирандын жетекчилиги стадиондогу 80 миң орундун 3,5 миңин аялдар үчүн бөлүп берди. Ирандык аялдарга 1979-жылкы Ислам революциясынан кийин эркектердин футбол мелдештерин стадиондон көрүүгө тыюу салынган.

Эл аралык «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму 10-октябрды «Иран үчүн тарыхый күн» деп атады. Ошону менен катар уюм аялдар эркектер менен катар эле бирдей укукка ээ болушу үчүн Тегеранды бул дискриманциялоочу эрежени толук жоюуга чакырды.

XS
SM
MD
LG