Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Трамп импичмент боюнча кызматташууда Конгресске шарт койду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп анын бардык укуктары сакталган шартта гана Өкүлдөр палатасы менен импичмент жарыялоо жараяны боюнча кызматташарын айтты. Ал бул тууралуу 9-октябрда, Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мунун алдында Трамптын администрациясы импичмент жарыялоо жараяны боюнча Конгресс менен кызматташуудан расмий түрдө баш тарткан.

Өкүлдөр палатасына Ак үйдөн келген көлөмдүү катта бул жараян «негизсиз» экени жана «Конституцияга каршы келери» жазылган. Демократтар муну Трамптын ыйгарым укуктарынан аша чапканын иликтөөгө тоскоолдук катары сыпатташкан.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы өткөн айда Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Буга Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнү тууралуу чалгын кызматындагы булактын маалыматы негиз болгон. Анда Трамп өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Украинада эмне кылып жүргөнүн иликтөөнү талап кылганы айтылган.

Ошондой эле бул сүйлөшүүнүн алдында Трамп Украинага бериле турган 400 миллион долларлык аскердик жардамды токтотуп койгону да ачыкка чыккан.

Дональд Трамп дооматтардын баарын четке кагып, аны «президентке ыдык көрсөтүү» катары мүнөздөп жатат.

XS
SM
MD
LG