Бул тууралуу Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жапониялык басылмадагы маегинде айтты. Ал Өзбекстан 2020-жылдан тартып пахтаны өзү иштетип, тышка текстил, чүпөрөк-чыт түрүндө гана экспорттой турганын билдирди. Ар кандай эсептөөлөргө караганда, быйыл Ташкент чет өлкөлөргө эки миллиард долларлык текстил экспорттогон, беш жылдан кийин бул көрсөткүч 8 миллиард долларга жетери пландалып жатат.
«Nikkei Asian» басылмасы Кытайдагы иликтөө институттарынын статистикасына таянып, 2018-жылы Бээжин Өзбекстандагы 800дөй ишканага, ал эми Токио 17 ишканага инвестиция салганын жазды.
Өзбекстан жылына 1,2 миллион тонна пахта өндүрөт. Укук коргоо уюмдары көп жылдан бери өзбек бийлигин балдарды пахта теримге мажбурлаганы үчүн айыптап келген. Былтыр май айында өзбек өкмөтү мажбурланган эмгекти пайдалануу тажрыйбасын толук токтотуу жөнүндө жарлык чыгарган.