Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Зеленский журналисттер менен өзгөчө жолугушуу өткөрдү


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский 10-октябрда бир күн кечке журналисттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жолугушуу өзгөчө форматта, мурдагы «Арсенал» заводунун имаратындагы «Food Market» тамактануучу жайында өттү. Анда украин президенти ондон журналисттен куралган топтордун ар бири менен 40 мүнөттөн сүйлөшүп жатты.

Ал Донбасс тууралуу суроого жооп берип жатып, анын эң башкы максаты - тынчтыкка жетишүү экенин баса белгиледи. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен болгон телефондук сүйлөшүүсү тууралуу комментарийинде ал «АКШ Украинадагы коррупциядан чарчаган түрү бар» деп айтты.

Зеленский ошондой эле Трамп ага эч кандай басым кылбаганын кошумчалады. Ал бийлик «Штайнмайер формуласын» элге жеткиликтүү түшүндүрбөгөнүн мойнуна алды.

Соңку күндөрү ушул «формуладан» улам Украинанын ар кайсы аймактарында нааразылык акциялары тутанган. Ошону менен катар Зеленский менен Трамптын телефондук сүйлөшүүсү АКШда саясий чуу жараткан жана президентке импичмент жарыялоо жараянына негиз болгон.

XS
SM
MD
LG