АКШда бир катар сенаторлордон турган топ Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын күрд кошуундарына каршы жортуулуна байланыштуу Анкарага катаал санкция киргизүү маселесин көтөрдү. Республикачыл сенатор Линдси Грэм жана анын кызматташы, демократ Крис Ван Холлен Түркияны жазалоо камтылган концепцияны даярдады. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган жогорку бийлик өкүлдөрүнө санкция киргизүү сунушталган. Ошондой эле Анкара менен аскердик чөйрөдө кызматташкан, көмөктөшкөндөр да жазаланышы керек экендиги айтылган.
Сенаторлор АКШнын президенти Дональд Трампты Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди алып кеткени, Түркиянын күрд кошуундарына каршы чабуулуна тоскоол кылбаганы үчүн сындап жатышат.
Дональд Трамп мунун алдында өзүнүн мындай чечими туура болгонун айткан.
Түркия жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрда чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасында «коопсуз аймак түзүү», ал аймакты өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.
Жортуул болгондон бери кеминде 15 адам өлдү.
Европа Биримдигиндеги жана Перс булуңундагы бир катар мамлекеттер Түркиянын жортуулунун айыптап жатышат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жагдайга байланыштуу 10-октябрда чукул жыйынга чогулганы жатат.