Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

Адабияттан былтыркы жана быйылкы Нобел сыйлыгын алгандар аныкталды


Ольга Токарчук менен Петер Хандке.
Ольга Токарчук менен Петер Хандке.

Ага ылайык, 2018-жылкы Нобел сыйлыгы польшалык жазуучу Ольга Токарчукка ыйгарылды. Ал эми 2019-жылкы сыйлыкка австриялык жазуучу, драматург Петер Хандке татыды.

Швейциянын Падышалык академиясынын билдирүүсүндө Токарчукка бул сыйлык «чек арадан өтүүнү жашоо формасы катары өзгөчө сүрөттөгөнү үчүн» ыйгарылганы айтылган. Анын эң белгилүү эмгеги катары эксперттер «Жөө күлүктөр» романын аташууда.

76 жаштагы австриялык жазуучу Петер Хандке романдар менен пьесалардан сырткары киносценарийлерди жазганы менен белгилүү. Ага чейин Хандкенин бир гана жердеши, жазуучу Элфрида Елинек бул сыйлыкка татыган.

Былтыр Швециянын Падышалык академиясынын мүчөлөрү жыныстык ыдык көрсөтүү жөнүндө чууга байланыштуу кызматтан кетишкенинен улам адабият боюнча Нобел сыйлыгы берилбей калган болчу.

XS
SM
MD
LG