Линктер

шаршемби, 16-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:56

Румын парламенти өкмөт башчыга ишеним көрсөткөн жок


Виорика Денчиле.

Румынияда парламент 10-октябрда премьер-министр Виорика Денчилеге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Оппозициялык фракциянын сунушун 465 депутаттын 238и колдоду.

Быйыл август айында Виорика Денчиле башында турган өкмөттү түзгөн коалициялык көпчүлүктүн курамынан «Либералдар жана демократтар альянсы» партиясы чыгып кеткен. Алар ноябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү боюнча саясий өнөктөшү социал-демократтар менен талашып-тартышып, тил табыша албай калган.

Ушундан улам Людовик Орбан башында турган оппозициялык Улуттук-либералдык партия өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөргөн. Мыйзамга ылайык, өкмөттү таратуу үчүн депутттардын теңинен көбү макул болушу керек.

Виорика Денчиле премьер-министр болуп 2016-жылдын аягында дайындалган. Анын тушунда сот системасына, мыйзам үстөмдүгүнө жана коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу эл аралык коомчулуктун жана өз өлкөсүндө сын-доомат күчөдү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG