Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

Ашхабадда КМШнын тышкы иштер министрлери жыйын курду


КМШга быйыл Ашхабад төрагалык кылып жатат.
КМШга быйыл Ашхабад төрагалык кылып жатат.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 10-октябрда Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Анда тараптар бир катар документтер, анын ичинде тышкы саясат боюнча мекемелердин өз ара кызматташуусун жандандыруу аракеттеринин программасы тууралуу макулдашты.

Жыйындын алкагында Орусиянын жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолукту.

Эртең, 11-октябда КМШга кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин кеңешинин жыйыны болот жана ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээбеков да катышат.

Быйыл КМШга Түркмөнстан төрагалык кылып жатат. Ушул жылдын май айында Ашхабадда бул уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңеши жыйынга чогулган болчу.

XS
SM
MD
LG