Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Зеленский Путин менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялабай турганын айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын башчысы Владимир Путин менен телефондук сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялоодон баш тартты.

10-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал мындай кадам камакта отурган жарандарды мекенине кайтаруу жана өлкөнүн чыгышындагы согушту токтотуу аракеттерине залакасын тийгизиши мүмкүн деген оюн айтты.

«Мен башкы колбашчымын, теледеги алып баруучу эмесмин. Тактика деген тактика. Баарына эле ким менен кантип сүйлөшкөнүмдү айта берүүгө милдеттүү эмесмин» деди Зеленский.

Ал эми Путин менен жеке жолугушуу ыктымалдыгы тууралуу ал «эгер согушту токтоткубуз келсе мындай жолугушуу зарыл» деп айтты.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алган. Ошондон бери Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен жикчилердин ортосунда согуштук аракеттер токтой элек. Орусия бул боюнча айыптоолорду четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG